Жергиликтүү шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери 18-февралда убактылуу кызматтан четтетилди. Мындай чечим жарандарды каттоонун мыйзамдуулугун текшериш үчүн кызматтык текшерүү жүрүп жатканына байланыштуу кабыл алынды.
Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалыматка караганда, быйыл жергиликтүү шайлоо өтчү шаарларда туруктуу жашаган жерин алмаштырган жарандар көбөйдү.
Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 3079 адам), Токмок шаарында 6745 (былтыр ноябрь-декабрь айларында 714 адам) жана Каракол шаарында 3159 киши (былтыр ноябрь-декабрь айларында 345 адам) каттоого турду.
Ал эми шайлоо өтчү Балыкчы менен Майлы-Суу шаарларында мындай көрүнүш байкалган жок.
Ошто убактылуу каттоого тургандардын көбөйүшү жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу маалыматтарды Ош шаардык милициясы «Добуш сатып алуу» беренеси менен иликтеп жатат.
17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жабык өткөн жыйынында Ошто бир эле үйгө 1300 киши катталганы ачыкка чыккан.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.