• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Мамлекетке 74 млн. сом төктү. Бажычы Айтмаматов абактан чыкты

7 Теке 202116:36 Бишкек Govori.TV

“Мыйзамсыз баюуга” шектелген Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бажычы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик чыгым катары аныкталган 100 млн. сомдун 74 млн. 517 миңин төлөп берген.

УКМК Нурбек Айтмаматовду 10-июнда камакка алып, ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 12-июнда карап, 10-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калтырган.

Количество просмотров: 271