Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү экенин айтты.
Бул тууралуу Ташиев 6-декабрда УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
“Керек болсо мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген чиновниктердин базарларда контейнерлери бар. Ошолорду алып чыккыла, биз элге көрсөтөлү. Бүгүнкү күндө мамлекет элди кыйнап жаткан жок, ошол базар ээлери элди кыйнап жатат. Ошолор элди алып чыгып, ККМди токтотуп калалы деп жүрүшөт”,-деди ал.