• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Мамлекеттик агенттик футбол стадионун куруу үчүн инвестор издейт

18 Бирдин айы 201910:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

Көп функционалдуу жаңы футбол стадионун курууга өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик инвесторлорду чакырат. Бул туурасында агенттиктин расмий сайтында айтылды.

Билдирмеге ылайык, борбор калаада Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талабына төп келген стадиондун курулуусу пландалууда.

«Аталган долбоордун максаты футболдун, деги эле спорттун өнүгүшүнө шарт түзүп, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Стадионду курууга кызыкдар болгон инвесторлор 25-февраль күнү саат 18:00гө чейин Мамагенттикке кайрылса болот.

Количество просмотров: 13