• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы үй камагына чыкканы айтылууда

2 Үчтүн айы 2020 23:29 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткан мурдагы башчысы Адамкул Жунусов үй камагына чыкканы айтылууда. Мындай маалыматты бир катар сайттар күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянып жазып жатышат.

Ага ылайык, Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 30-декабрда Жунусовдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына бошоткон. Жогорку соттун басма сөз кызматы бул маалыматты иш күнү башталганда гана тактап берерин билдирди.

Адамкул Жунусов 2018-жылы 28-декабрда Кыргызстанга Бакудан жеткирилген. Башкы прокуратура 2018-жылы июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлерине «мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деген негизде ошол кездеги Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Ал эми Финансы полициясы бул ишти тергөөнүн жүрүшүндө Адамкул Жунусов «2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурганы» аныкталганын жарыялаган. Финполициясынын маалыматына караганда, мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 122