Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.
Бишкек шаардык соту КРдин мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин баласы Алтынбеку Муралиевдин жаза мөөнөтүн кайрадан карап чыкты.
Алтынбеку Муралиев 22 жылга мүлкүн конфискациалоо менен эркинен ажыратылган. Жаңы кабыл алынган кодекстерге ылайык Муралиевдин жактоочулары ишти жаңы жайгдайлар менен кайрадан карап чыгуу тууралуу ходатайство берген. Сот жаза мөөнөтү 7 жылга кыскартты.
Эске салсак, Алтынбек Муралиев КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы милдетин аткарып турган убакта “жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берген” деген күнөө менен 2014-жылдын 1-ноябрында кармалган. Ал 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.
Булак: 24.kg