• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү экзамендерди кандай беришет. Жобосу

11 Бугу 2020 17:18 Бишкек Govori.TV

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөртүлдү.

Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Эгерде окуучу же ата-энеси коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат.
Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди, биринчи кезекте, окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Количество просмотров: 356