• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволору жабылат

30 Жалган куран 2020 20:49 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 31-мартынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат.

Алардын катарына КТБлар жана “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрү, “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС (ОЗАГСПРН) кирет.
Өзгөчө абал режими киргизилбеген республиканын башка аймактарында ведомствонун алдындагы бөлүмдөр штаттык тартипте ишин улантат.
Чет элдик жарандардын каттоосун КТБ ачылгандан кийин узартса болорун МКК эске салат.
2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки мезгилде төрөлгөн ымыркайлардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн алуу — жылдырылат.
“КР бузуулар тууралуу кодексинин” 275-беренесинде каралган айыптар салынбайт. Аталган чечим республиканын бардык аймагына жайылат.

Количество просмотров: 513