• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси «Kaktus media» менен соттошот

19 Бештин айы 2019 10:58 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбеталиев Kaktus media маалымат агенттигин чындыкка дал келбеген кабар жарыялаганы үчүн сотко берет. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөм маалымат жыйында айтылды.

Эске салсак, буга чейин Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап жатат. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган.

Kaktus media сайты 4-декабрда «редакциянын булактары ал машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов экенин айтып жатышат. Ал эми жанында отурган келинди анын орун басары Айнура Туйбаева деп таанышты» деп жазган.

Ал эми «Kaktus media» ресурсунун башкы редактору Дина Маслова ал жерде Мамбетов деп так жазылбаганын, анын аты-жөнү божомол иретинде гана келтирилгенин айткан.

Количество просмотров: 96