• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Kaktus.media порталына козголгон кылмыш иши кыскартылды

20 Бугу 2022 17:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасы Kaktus.media порталына козголгон кылмыш ишин кыскартты. Маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 31-мартта чыккан.

«Аталган сайт тараткан маалыматта кылмыштын курамы бар экендигин аныктоо максатында козголгон кылмыш иши, кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кыскартылды»,-деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

27-январда Kaktus.media сайтына кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Тажикстандын Asia Plus басылмасына чыккан маалымат көчүрүп жарыяланган (перепечатка). Анда Asia Plus сайты чек арада кыргыз тарап биринчи ок чыгарганын жазган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Kaktus.media басылманын максаты тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болгонун белгилеп, кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Количество просмотров: 126