• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Kaktus.media «Вечерний Бишкек» басылмасынын доосун төлөө үчүн акча чогулта баштады

29 Бирдин айы 2024 18:19 Бишкек Govori.TV

Kaktus.media маалымат агенттиги сот чечимине ылайык, «Вечерний Бишкек» басылмасына 600 миң сом төлөп берүү үчүн окурмандарынан акча чогултуу (краудфандинг) баштаганын жарыялады.

Маалыматта 21-февралда сот аткаруучулар редакцияга келгени жана сот чечимин аткарууну талап кылганы жазылган. Kaktus.media 100 миң сомду төгүп, калганын төлөө мөөнөтүн 1-майга чейин жылдырып турууну суранган.

23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

4-сентябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Башында коюлуп жаткан доонун суммасы 50 млн сомду түзгөн. Анын 25 млн сому журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана мекеменин негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынган. Калган 25 миллионду басылманын өзүнөн өндүрүү талабы айтылган.

Сайтты сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон.

Эске салсак, «Вечерний Бишкек» жабыла турганы жөнүндөгү макала Kaktus.mediaнын сайтында 2022-жылы 29-декабрда чыккан.

Количество просмотров: 138