• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мамлекеттик кызмат агенттигине жетекчи дайындалды

14 Чын куран 202318:02 Бишкек Govori.TV

Улан Карыпбеков Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Карыпбеков Улан Кадырсултанович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Количество просмотров: 194