Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү А.И. коомдук тамактануучу жайды текшерүү учурунда мыйзам бузуу бар экенин айтып, жайкы эс алуучу аянтчаны бузуу шылтоосу менен анын ээсинен акча талап кылган.
25-августтагы ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү А.И. 50 миң сом алып жатан учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, камакка алынган.