• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ташиев: Матраимов жана Көлбаев менен байланышы бар 202 мамлекеттик кызматкер иштен алынган

2 Жетинин айы 2023 18:08 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана 4-октябрдагы атайын операцияда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы бар 202 мамлекеттик кызматкер иштен алынганын айтты.

Ташиев, «мындан ары Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын” айтты.

“Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Көлбаевге байланыштуу болгон 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат” — деди Ташиев.

Количество просмотров: 151