• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Мамлекеттик кызматкерлер чыныгы кирешесин ачык көрсөтүүсү керек»

10 Бештин айы 2018 16:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.

Ал эми президент коррупцияга каршы күрөшүүнүн эларалык күнүнө байланыштуу кайрылуусунда, “чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык”,-деп билдирди.

Мындай иш-аракеттер тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов төмөнкүлөргө токтолду.

Президент коррупция менен күрөшүү ишин өтө катуу алып барып жатат. Бирок, биздин мамлекеттик кызматкерлердин арасында жылдык кирешелерин өздөрүнө эмес, туугандарына, жоро-жолдоштуруна же болбосо өздөрүнүн ишенимдүү адамдарына каттатып жатканы өкүнүчтүү. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлерөзүбүз эле жоопкерчиликти моюнга алып, чыныгы кирешебиз менен чыгашабызды ачык көрсөтсөк Президентке дагы коомчулукка дагы жардам  болуп эсептелет эле”,-дейт эл өкүлү Закир Шарапов.

Количество просмотров: 18