• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Сосновка” постунда унааларга убактылуу киргизилген чектөө алынды

23 Бештин айы 20197:37 Бишкек Govori.TV

22-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун 143-145 чакырым аралыктарында (Суусамыр өрөөнү) пайда болгон унаа тыгындары жоюлуп, Жайыл районунун “Сосновка” постунда жеңил унааларга убактылуу киргизилген чектөө саат 21:50дө алынды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун 143-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) жол тайгак болуп, унаа тыгындары пайда болгондугуна байланыштуу, Жайыл районунун “Сосновка” постунда унаалардын бардык түрүнө саат 19:20да убактылуу чектөө киргизилген. Жерине КР ИИМнин ЖККББнын кызматкерлери (3 экипаж) жана №9 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч жана 1 атайын кум себүүчү унаасы тартылып, тиешелүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары саат 20:10до абалды билүү жана көзөмөлдөө максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулар чыгып кетишкен.

«Сосновка» постунда айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан жылынуучу жай уюштурулуп, ысык тамак берилген.

Количество просмотров: 100