• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чукул кабар. Кыргыз-казак чек арасы ачык

14 Жалган куран 202021:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. 

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту.
 
Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги баса белгиленди.

Количество просмотров: 3798