• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мамлекеттик мүлктөр сатыла баштаса, өлкө кантет?

18 Бугу 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдыктар башталган чагы. Президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн жеке менчикке өткөрүүнү сунуштаган.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянын бүгүнкү күндө Экономика жана финансы министрлиги алып барып жатат. Айрымдар бул демилгени кескин сынга алып чыгышты. Демилгени сынга алгандар менен бирге колдогондор да чыгып жатат.

Ал эми Коомдук телеканалдын мурдагы директору, 2014-жылы эл аралык аэропорттун Бишкек филиалын жетектеген Илим Карыпбеков мамлекеттик мүлктү приватташтыруудан кайра эле аткаминерлер же бийликте иштегендердин тааныш-билиштери пайда көрүп калбаш үчүн ачык-акундуулукту камсыз кылып, күчтүү компания жеңгенге шарт түзүү керек деген пикирде.

Мамлекеттик мүлктүн санагы, жеке менчикке өткөрүүдөгү даярдыктар тууралуу маалымат алуу үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна байланышканыбызда толук маалымат беришкен жок.

Азыркы тапта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында 100дөн ашык мамлекеттик ишканалар жана 60тан ашык акционердик коомдор болсо алардын үчтөн бири гана бюджетке салык төгүп, кирешелүү тармак катары иштеп келе жатат. Менчикке өткөрүү боюнча тизмеде Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекети, Бишкек машина куруу заводу жана Бишкек штамптоочу заводу бар. Эми алардын бардыгы бир жыл ичинде иретке келтирилип, киреше алып келе турган ишканалардын катарына кошулат деп ишендиришүүдө. Мамлекет менеджерлик милдетин аткара албай, буга чейин бир катар ишканалар араң жан иштеп келгени маалым. Эми мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштейт деп үмүттөнүшүүдө.

Количество просмотров: 116