• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат

11 Үчтүн айы 2024 17:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жолу менен мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 174