• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мамлекеттик салык кызматы прокуратурага 7,5 миң аткаминерлерге карата материал берди

14 Бугу 201913:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Бул туурасында 14-майда Бишкекте өткөрүлгөн пресс-конференцияда Мамлекеттик Салык Кызматынын декларация, салык жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов билдирди. Анын айтымында мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлеген 7 мин 495 адамга карата прокуратура тарабынан юридикалык баа берилет.

Анын ичинен 4 миң 649 адам декларацияда жалган маалыматтарды берсе, 1 мин 375 кызматкер өз убагында толтурган эмес. Ошондой эле башкы прокуратурага саясий, башкы административдик жана атайы кызматтарды ээлеген 319 адамга карата материал жөнөтүлгөнүн билдирди.

Бул жылы декларацияны кезектеги аназилдоо иштери 1-июлдан башталат.

Количество просмотров: 18