Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Акылбек Мусаходжаевдин иш бөлмөсүндө тинтүү жүрүп жатат. Маалыматты Govori.TVга бүгүн, 29-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан тастыкташты.
«Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат берилбейт», — деп билдиришти мекемеден.
Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз.