• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамлекеттик тарых музейи качан ачылат? Министрдин жообу…

3 Жетинин айы 2021 14:16 Бишкек Govori.TV

Маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейи качан ачыла турганын айтты.

Ал белгилегендей, музейди ачуу жаңы жылга чейин ишке ашат деп пландалууда.

«Тарых музейи боюнча кылмыш иши ачылганда укук коргоо органдары германиялык компанияга 225 миң еврону иш бүткөнчө которууга тыюу салган. Тергөө жүрдү, сот дагы бүттү. Эми убакыт келип немец компаниясына карыз төлөнүп берилди. Буюрса, жаңы жылга чейин ачабыз деп турабыз», — деди Жаманкулов.

Эске салсак, тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. 2018-жылдын май айында, музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баада сатып алынганы ачыкталган. УКМК Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шектелген президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

7-декабрда Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.

Количество просмотров: 57