Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бөлүндү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чыгарган токтом 28-февралда жарыяланды.
Ага ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт.