• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Министр цирктин директорун кызматтан алды

12 Кулжа 202314:57 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министр Алтынбек Максүтов кол койгон.

10-июнда Фархад Бекманбетов кызматтан кеткенин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирген.

“Мен циркке жетекчи болуп иштеген төрт жыл ичинде өзүбүздүн өнүгүү концепциябызга ылайык циркти реформалоо, оңдоп-түзөө боюнча бир топ иштерди аткара алган жокпуз. Анткени 4 жыл ичинде 4 маданият министри алмашты. Алардын ар кимисинин циркти реформалоо боюча өз ой-пикири бар. Буга чейин оңдоп-түзөө иштерине бир дагы сом бөлүнгөн жок. Акча бөлүнбөсө жылыш болбойт. Кызматтан өзүм арыз жазып кеткенимдин себеби ушул болду”, — деп билдирген Бекманбетов.

Буга чейин каскадёр Асланайым Аширова цирк имараты начало абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын айтып чыккан. Бекманбетов өзүнө карата айтылган дооматтарды четке каккан.

Мамлекеттик циркке Фархад Бекманбетов 2019-жылдын январь айында жетекчи болуп дайындалган.

Количество просмотров: 53