• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мамлекеттик туунун өңүн көк түскө алмаштыруу сунушталды

10 Бештин айы 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик кызыл тууну көк түстөгү тууга алмаштыруу сунушу айтылды. Бул тууралуу пикирин коомдук ишмер Арсланбек Малиев Конституциялык кеңешменин жумушчу тобунун отурумунда билдирген.

Белгилей кетсек, 19-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Конституциялык кеңешменин курамына коомдук-саясий, илимий чөйрөнүн 80ден ашуун өкүлү кирди. Анын төрагалыгына Кыргыз-Орус (Славян) университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору, «Эл бийлиги» саясий партиясынын негиздөөчүсү Бекбосун Бөрүбашев бекитилди.

Бөрүбашев кеңешменин иши 15-20 күндө жыйынтыкталып каларын билдирген.

Баш мыйзамдын жаңы сунушталган долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 2101