• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Ана-Кызыл айылында туу көтөрүү аземине катышты

6 Бештин айы 202417:43 Бишкек Govori.TV

КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн 6-декабрда Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Ош облусунун Ана-Кызыл айылындагы жаңы флагштокко мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземине катышты.

Бийиктиги 31 метр болгон жаңы флагшток “Койчу-Датка” мемориалдык комплексин көрктөндүрүү алкагында орнотулду. Эл көп жүргөн Ош-Бишкек автожолуна жакын жайгашкан комплекс аймактын маанилүү маданий жана тарыхый объектиси болуп саналат. Сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана жайлуу отуруу аянтын түзүү үчүн эстеликтин айланасына ийне жалбырактуу дарактар отургузулган.

“Койчу-Датка” мемориалдык эстелиги жергиликтүү тургундар үчүн сыймыктануунун жана тарыхый эс-тутумдун символу болуп саналат.

Количество просмотров: 201