• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт

2 Кулжа 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү, сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.

Жарлыктын максаты, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин кесиптик билимдеринин жана иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо.

Өлкөнүн жаңы мамлекеттик кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зарыл квалификацияга ээ болгон кызматчылардан турган жогорку кесипкөй аппаратын түзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Бул саясатты ишке ашыруунун алкагында аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби, сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилет.

Количество просмотров: 155