• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мамытканов Финансылык чалгындоо кызматынын иши менен таанышты

19 Үчтүн айы 2021 17:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Таанышуу жүрүшүндө вице-премьер-министр билдиргендей, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы туруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишти өркүндөтүү зарыл.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү жана ишти координациялоо деңгээлин жогорулатуу зарыл, алар Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органдары тарабынан жөнөтүлгөн материалдарды жетишсиз деңгээлде пайдаланууда.

Вице-премьер-министр бир жумалык мөөнөттө террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды, мында өлкө экономикасын колдоого жана кызматтын ишине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүгө негизги басым жасоо зарыл.

«Финансылык мониторингдин жаңы механизмдерин ишке киргизүү жана ведомство ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну эске алуу менен жаңы баскычка өтүү зарыл. Кыргыз Республикасынын өкмөтү кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр», — деп билдирди Максат Мамытканов.

Количество просмотров: 107