• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Вице-премьер кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

10 Үчтүн айы 20219:19 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда брифингде билдирди.

«Президенттик шайлоого жана референдумга активдүү катышып бергиле. Муну менен сиз өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабай, жаңы багытын тандап алганга көмөкчү болосуз», — деди Мамытканов.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ошондой эле мамлекеттин башкаруу формасын тандоо үчүн референдум да чогуу өтүүдө.

Количество просмотров: 93