• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Темирбек Асанбеков менен Максат Мамытканов ЕЭКке министр болушту

24 Бугу 202117:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку евразиялык экономикалык кеңеши (ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери) Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясына Кыргызстандан эки жаңы мүчө дайындады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕЭК менен бажы тармагы боюнча кызматташуу министри болуп Максат Мамытканов дайындалды. Ал эми ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри болуп Темирбек Асанбеков барды.

Буга чейин, аталган кызматтарга Олег Панкратов менен Эмил Кайкиев ээлеген.

Эске салсак, Мамытканов менен Асанбеков 2020-жылдагы октябрь окуяларынын катышуучулары. Мамытканов бир нече ай вице-премьер болуп иштесе, Т. Асанбеков октябрдагы парламенттик шайлоодо ат салышкан.

Количество просмотров: 100