• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамытканов: Админресурсту пайдаланууга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө басым жасоого жол берилбеши керек

26 Жетинин айы 2020 14:58 Бишкек Govori.TV

Административдик ресурсту пайдаланууга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө басым жасоого жол берилбеши керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Максат Мамытканов КР президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөн көчмө жыйынында билдирди.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын төрагасы болуп дайындалган. Штабдын теңтөрайымы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Максат Мамытканов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте иш алып баруу чечими Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жүрүшүндө добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо иретинде кабыл алынган.

«Алдыдагы шайлоо максималдуу түрдө таза жана ачык-айкын өтүшү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракеттерин бириктирүү керек, анткени ар бир жарандын шайлоо укуктарын ишке ашыруу бизден көз каранды», — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Ал ошондой эле эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо укук коргоо органдары токтоосуз аракеттерди көрүүсү шарт экенин кошумчалады.

«Шайлоо тилкелеринде жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек. «Административдик ресурстарды» колдонууга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүүгө жол берилбейт. Мындай аракеттерге бөгөт коюлат», — деп белгиледи Максат Мамытканов.

Андан соң вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун өткөрүүгө карата даярдык көрүүсү жана аны өткөрүү боюнча маалыматын угуп, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн бардык санитардык нормаларды сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Соңунда вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча бекитилген пландын алкагында бир катар тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 49