• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мамытканов: Жетим-тоону биз деле Өкмөт катары коргоп жатабыз

8 Үчтүн айы 2021 11:13 Бишкек Govori.TV

Жетим-Тоо кенин иштетиш үчүн биринчи кезекте геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, анда канча кен бар экендиги аныкталып андан кийин, кенди иштетүүнүн долбоору түзүлөт. Долбоор түзүлгөнгө заманбап технология менен иштеген компаниялар тартылат. Андан кийинки этап-өндүрүш. Ушул этаптардын башы да жок. Мындай пикирин вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүн, 8-январда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чалгындоо ишин башташ үчүн атамекендик компания ачыш керек болуп жатат.

«Анткени чалгындоо иштерине уруксат бериш үчүн, сөзсүз түрдө бир юридикалык компанияга беришибиз керек болуп жатат. Ошол компанияны азыр түзөбүз. Ал компания чалгындоо иштерин гана баштайт. Азыр эч нерсе баштала элек Жетим-тоону коргойбуз деген уюмдар түзүлүп жатат. Биз деле Өкмөт катары коргоп жатабыз» , — деди Мамытканов.

Количество просмотров: 83