• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мамытов: «Артыкчылыкты алууда экс-президенттердин оюн дагы суроо керек»

22 Бештин айы 2022 17:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов экс-президенттерди артыкчылыктан ажыратуудан мурун, алардын дагы оюн суроо керектигин айтты.

Эске салсак, кечээ, 21-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи – депутат Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталган.

Алсак, 10-1-статья, Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү караган абзац менен толуктоо сунушталууда.

Ошондой эле 13-статья жаңы редакцияда баяндалган, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жеке каражаттарынан мамлекеттик күзөт кызматын пайдалануу укугу каралган. 15-статьянын 1-бөлүгү жана 16-статья күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Сеидбек Атамбаев президенттик мөөнөтүн толук аткара элек мамлекет башчыларына экс-президент деген наам берилбеши керектигин белгилеп, экс-президент наамы беш жылдык мөөнөткө берилиши керектигин кошумчалады. Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков экс-президенттин статусу мамлекеттик сырды сактоо максатында берилип жатканын айтты. Эл өкүлү Дастан Бекешев КР экс-президентин өмүр бою мамлекеттик коргоого алуунун негиздери тууралуу маселени көтөрдү. Депутат Коргонбай уулу Жусупбек мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин белгилеп, буга байланыштуу экс-президенттерге кол тийбестик берилиши керек деди.

Количество просмотров: 986