• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мамытов Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

16 Бештин айы 2020 11:19 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сизди жана бир тууган Казакстан элин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздык алган жылдан тартып Казакстан Республикасы мамлекеттик курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында эң чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да мамлекеттин аброю бекемделүүдө. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Теги:
Количество просмотров: 43