Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында маалымдалат.
«Кыргызстандын православ чиркөөсү кылымдарды карыткан бай тарыхында улут аралык тынчтыкты бекемдөөгө, мамлекет жарандарын Ата Мекенди сүйүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоого тарбиялап, диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоого чоң салым кошуп келет», — деп айтылат куттуктоодо.