• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамытов Түркиянын элчисин кабыл алды

26 Бирдин айы 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Түркия Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыратты Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Талант Мамытов Кыргызстандагы жигердүү жана жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн Жеңгиз Камил Фыратка ыраазычылык билдирип, ал элчи катары иштеп турган учурда эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

Ошондой эле төрага элчинин түздөн-түз көмөгү менен билим берүү багытындагы курстардан баштап, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы сыяктуу бир катар ири долбоорлор ишке ашырылганына токтолду.

Муну менен катар Талант Мамытов коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалда Кыргызстанга ар тараптуу жардамдарды көрсөткөндүгү үчүн Түркия Республикасына ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде элчи Жеңгиз Камил Фырат өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгы жигердүү өнүккөнүн канаттануу менен белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык өнөктөштүк жемиштүү уланганын кошумчалады.

Жолугушуу соңунда төрага Жеңгиз Камил Фыраттын мындан аркы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 130