• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талант Мамытовдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин төрагалыгына каралууда

4 Жетинин айы 202011:34 Бишкек Govori.TV

Республика Ата-Журт» фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштады.

Канат Исаев спикерлик кызматтан кете турганын билдирди.

Мындан соң, «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Мамытовдун талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагалыгына бир эле Талант Мамытовдун талапкерлиги коюлду, альтернатива жок.

Талант Мамытов — президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал төрага болуп калса президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат

Количество просмотров: 84