• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Мамытов Жапаровду ордуна отургузду

28 Үчтүн айы 202112:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаров расмий түрдө президенттик кызматына киришти.

Ант берүү аземинин расмий бөлүгү аяктагандан кийин Садыр Жапаров өкмөт үйүнө барды. Ал жакта аны Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов тосуп алып, иш бөлмөсүн көрсөттү.

Эске салсак, Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган.

Количество просмотров: 453