“Манас” аба майданынан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот? (Тизме)
“Манас” аба майданынан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот? (Тизме)
11 Кулжа 2021 16:55 Бишкек Govori.TV
“Манас” эл аралык аэропортунан Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, БАЭге түз жана туруктуу каттамдар аткарылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэрпорту” ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Казакстан
Алматы-Бишкек-Алматы каттамы боюнча маршрутту “Эйр Астана” авиакомпаниясы жумасына 7 жолу жүргүзөт.
Түркстан-Бишкек-Түркстан каттамы боюнча маршрутту “Флай Арыстан” авиакомпаниясы жумасына 2 жолу жүргүзөт (дш. бш).
Өзбекстан
Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамы боюнча маршрутту “Узбекистон хаво йуллари” авиакомпаниясы жумасына 3 жолу жүргүзөт (дш, бш, иш). (Эскертүү: 19 июндан тартып 1 каттам кошулат).
Түркия
Бишкек-Стамбул-Бишкек каттамы боюнча маршрутту “Түркиш Эйрлайнс” авиакомпаниясы күн сайын 2 жолудан, жумасына 14 жолу жүргүзөт. (Эскертүү: 1 июлдан тартып кошумча (бш.,жм.,жш.) каттамдар киргизилет).
Бишкек-Стамбул-Бишкек каттамы боюнча маршрутту “Пегасус Эйрлайнс” авиакомпаниясы жумасына 7 жолу жүргүзөт (күн сайын).
Анталия-Бишкек-Анталия каттамы боюнча маршрутту “Пегасус Эйрлайнс” авиакомпаниясы жумасына 4 жолу жүргүзөт (дш.шр.бш.иш).
Бириккен Араб Эмираттары
Дубай-Бишкек-Дубай каттамы боюнча маршрутту «Флай Дубай» авиакомпаниясы жумасына 7 жолу жүргүзөт (күн сайын). (Эскертүү: июнь айы үчүн шаршемби жана бейшемби күндөгү каттамдар токтотулду).
Россия
Туруктуу, түз каттамдар:
Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча маршрутту “Аэрофлот”авиакомпаниясы жумасына 3 жолу жүргүзөт (шб., жм., жш).
Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча маршрутту “АвиаТраффикКомпани” авиакомпаниясы жумасына 3 жолу жүргүзөт (шр., жм., жш).
Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча маршрутту “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (шаршемби).