«Манас» аэропортуна жардыруучу зат бар экени айтылган маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу маалыматты аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жардыруучу зат тууралуу маалымат бүгүн аэропорттун электрондук почтасына келген.
Эвакуация учурунда аэропортто каттамдарды каттоо токтотулган, бирок каттамдар токтотулган эмес.
Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып, эч кандай күмөндүү зат табылган эмес.
Аба майдандын иши кайрадан жанданды.