• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги мектептер эвакуацияланууда

20 Чын куран 20239:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 20-апрелде бир катар мектептердин окуучулары эртең менен эвакуацияланууда. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Учурда №33 жана 67-мектептерди эвакуациялоо иштери жүрүп жаткан. Мектеп кызматкерлеринин айтымында, буга кайрадан имаратка коюлган жардыруучу зат тууралуу билдирүү себеп болгон.

Кaktus.media басылмасы мындан тышкары №17, 51, 52, 62, 63 мектептер, ошондой эле жеке менчик Сейтек STEM жана Бишкек эл аралык мектебинде да эвакуация болгонун жазышты.

Эске салсак, 18-апрелде Бишкектин бир катар мектептери, жогорку окуу жайлардын айрым мекемелери жана КР Жогорку сотунун имаратында бомба бар деген билдирүү түшүп, текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында жарылуучу зат табылган эмес.

Количество просмотров: 113