• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Манас» аэропортуна ПЦР-тест үчүн лаборатория ачылат

21 Бугу 2021 12:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «BS Group» (AMSBIO, OMNISYSTEM) корпорациясынын ПЦР-лабораториясы ачылат. Бул тууралуу аталган корпорациянын төрагасы Пак Хё Рин министерлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов менен жолугушууда билдирди.

«BS Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин маалымдагандай, компаниянын иши гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магниттик карталарды жана төлөм жабдууларын өндүрүү сыяктуу багыттарды камтыйт.

Лабораторияда бир күндө 14 миңге жакын адам ПЧР-тестирлөөдөн өтө алат, ал эми жыйынтыгы тест тапшырган соң бир сааттан кийин дайын болот.

«Өлкөдө жакында туристтик сезон ачылаарын эске алуу менен, республика аймагындагы мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жаатында чоң мааниге ээ. Биздин милдет — Кыргыз Республикасын СOVID-19дан эркин өлкөгө айландыруу. Бул өлкөгө туристтердин агылуусуна шарт түзөт», — деди Пак Хё Рин.

Количество просмотров: 83