• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Доо кеткен улуттук эстутум канткенде калыбына келет?

9 Бештин айы 202517:39 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 9-декабрда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Гуманитардык жана коомдук илимдер» кафедрасы “Уңгу жол: улуттук өзөгүбүз” жана «Манас» эпосу» аттуу үчүн конференциясын өткөрдү.

Иш-чаранын максаты техникалык багыттагы билимге басым кылган бул университте студенттердин гуманитардык жактан билимин арттырып, улуттук идеологияны бекемдөө болуп саналат.  

Аталган жыйынга окумуштуу, илимпоздор чакырылган. Алар студенттерге  уңгу жол жана кыргыз таануу багытындагы маанилүү изилдөөлөрүн айтып беришти. Ааламдашуу тенденциялары жана уңгу жол концепциясы тууралуу сөз кылган профессор Нур Саралаев Кыргызстанда улуттук идеология жок деген пикирлерди четке какты.

Өзүбүздүн улутка кызмат кылуу негизги маселе экенин белгилеген тарыхчы, КР УИАсынын А.Алтымышбаев атындагы Философия институтунун илимий кызматкери Баяс Турал кыргыздын уңгу жолу бузулуп, унутта калуу коркунучу жаралган мезгилди белгилеп өттү.

Бул иш-чара “Уңгу жол: улуттук өзөгүбүз” жана «Манас» эпосу» аттуу конференциялар топтомунун алгачкысы. Бул жылдын аягына чейин мындай жыйындардын дагы бир нечеси белгиленген жана окуу жайдын башка да бөлүмдөрүндө студенттерди топтомокчу. Бул сыңары иш-чаралар доо кеткен улуттук эстутумду калыбына келтирүүгө багытталган.

Улуттук эстутумдун, уңгу жолдун негизги – Улуу “Манас” эпосу экенин талашсыз. Андыктан Манас эпосун кенен жайылтуу кыргыздын тарых-таржымалын, баалуулуктарын сактоонун бир жолу.

 Ал эми окуу жайдын студенттери “Манас” эпосу дегенде кандай сезимдерге ээ болорун, алгач акылына эмне келерин айтып беришти.

 «Уңгу жолдун негизги максаттары жана «Манас» эпосунун уңгү идеясы бул – мамлекет. Мамлекеттик, коомдук, саясий институттардын иштеринин бирдиктүүлүк бир нукка бурулушу менен жоопкерчилик, өнүккөн күчтүү укуктук мамлекет куруу болуп саналат. Уңгу жолдун төпкү уңгусу кыргыз элинин тилин, тарыхын, салт-санаасын бекем сактоо менен келечекте мекенди сүйгөн, жоопкерчиликтүү жаш муундарды тарбиялоо болуп саналат.

Количество просмотров: 107