• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Манас» аэропортунда аба каттамдарынын убактысы жылдырылды

23 Үчтүн айы 2020 14:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-январда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдардын убактысы жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«2803 «Урал аба жолдорунун» Москва-Бишкек-Москва жана 779 «Өзбекстан аба жолдорунун» Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамдары жылдырылды. Ошондой эле ички каттам – Ош-Бишкек каттамы кармалууда», — деп айтылат маалыматта.

Аэропорт келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, каттамдар тууралуу маалыматты 0 312 693109 («Манас») жана 0 3222 90101 («Ош») номерлери боюнча тактоону суранат.

Количество просмотров: 143