• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Манас» аэропортунун башкармалыгынын экс-төрагасы Примбердиев кармалды

18 Бирдин айы 2021 12:46 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура «Манас» эл аралык аэропортундагы коррупциялык схемага байланыштуу кылмыш иши боюнча дагы айыпталуучу камакка алынышы жөнүндө маалымдайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы менен биргеликте «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык авиакаттамдардын жүк ташуусу үчүн чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныкташкандыгы маалымдалган.

17-февралда ушул иштин алкагында «Манас» эл аралык аэропорту»ААКнын мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев коррупцияга шектелип кармалып, ИИМдин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө штери уланууда.

Количество просмотров: 90