• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манас айтып, добулбас уруп. Кыргыз күйөрмандары Астанада

9 Аяк оона 202414:46 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 8-сентябрда Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылган.

Бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, кураш, казак күрөшү жана эр эңиш боюнча мелдештер өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бардык мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө, ал эми финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.

Кыргыз курамасын сүрөөгө барган күйөрмандар добулбас уруп, Манас айтып спортчуларга дем күч берүүдө.

Количество просмотров: 131