• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Манас Арабаевди сумка менен чабышып, жумуртка менен согушту (видео)

4 Кулжа 201917:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Манас Арабаевди Биричи май райондук сотунан алып чыгып бара жатканда залда тургандардын бирөө аны кол сумка менен 2-3 жолу башка коюуп калууга жетишти.

Ал эми сыртка чыгарылганда аны жумуртка менен ургандар болду. Манас Арабаевди жумуртка менен соккон адам Нарын шаарынын тургуну Нургазы Бакаев экени белгилүү болду. Тилекке каршы андан интервью алганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ал эми М. Арабаевдин жактоочусу журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты.

https://www.facebook.com/100007088239072/videos/2364955217084063/

Бүгүн Биринчи май райондук сотунун чечими менен Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-июлга чейин камакта калтырылды.

Эске салсак, ал камакка 2-июнь күнү камакка алынган. УКМК тараткан маалымат боюнча, Арабаев чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, “Коррупция” беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Количество просмотров: 25