• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Манас” үчилтигин жана Айтматовдун чыгармачылык мурасын иликтөө боюнча жарлыкка кол коюлду

28 Аяк оона 2022 19:41 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров «Манас» үчилтигин жана Ч. Т. Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө шарттарын түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Азыркы мезгилде «Манас» эпосу кыргыз элин бириктирүүчү иденттүүлүктүн жана эгемендиктин идеологиялык фактору катары зор мааниге ээ болгондугуна байланыштуу аны мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө ар тараптуу жана толугу менен жайылтууну камсыз кылуу үчүн негиз болуп саналат.
»Манас» үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу Кыргыз мамлекетинин иденттүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүү критерийлеринин бири.
»Манас» үчилтигин, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөөнү жана жайылтууну өнүктүрүү боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүү үчүн «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси толук жана бир багытта иш алып барат.

»Манас» үчилтигин ар тараптуу изилдөө жана кеңири жайылтуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу
Ч. Т. Айтматовдун чыгармачылык мурасын изилдөө боюнча зарыл шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Ч. Т. Айтматовдун чыгармачылык мурасына байланыштуу изилдөө функциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна өткөрүп берүү менен, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси деп кайра өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22апрелиндеги № 126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
— 3-пункттагы «жана Чыңгыз Айтматов» деген сөз алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
— «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин жобосун бекитсин;
— ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

Количество просмотров: 140