• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манас Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды

20 Үчтүн айы 201911:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.01.2019. Govori.TV

Кечээ, 19-январда белгилүү улакчы Манас Ниязовдун 2016-жылы 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасынын аукциону жыйынтыкталды. Форманы Руслан аттуу мырза 80 миң сомго сатып алганы маалым болду.

Жогорудагы каражат Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпиондугунда аттан кулап, катуу жаракат алган улакчы Дастан Жакеевге берилерин көк бөрү федерациясынан билдирди.

Ал эми Дастандын атасы Алишер мырза төмөндөгүлөргө токтолду.

«Уулумдун ден соолугуна кайдыгер карабаган Манас Ниязов баш болгон көк бөрү федерациясынын улакчыларына жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирем. Учурда уулум Дастан өз алдынча баса албайт. Каражаттын тартыштыгынан улам калыбына келүүсү кечеңдеп жатат».

Буга чейин Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлуп, баштапкы баасы 2 миң сомдон башталган.

Количество просмотров: 41