Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV
Улакчы Манас Ниязовдун аукционго коюлган формасы 77 миң сомго чыкты. Бул формасын улакчы II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген.
Аукцион Көк-Бөрүгө арналган Инстаграм баракчасында жүрүп жатат.
Түшкөн каражат аттан кулап кырсыктаган Дастан Джакеевге берилет. Дастан Джакеев 2018-жылдын май айында, Ак-Кулада өткөн Чүйдүн көк-бөрү боюнча чемпионатында аттан катуу жыгылып кырсыктап калган. Азыркы учурда Бишкекте дарыланууда. Абалы орточо. Өз алдынча баса албайт. Ар дайым ата-энесинин көзөмөлүндө.
Аукцион 19-январь күнү, саат 21:00дө токтотулат.